• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Ташиев “КР Баатыры” наамын алды. ЖК депутаттары каникулдан кайтып келишти

1 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ТАШИЕВ “КР БААТЫРЫ” БОЛДУ

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Малыматта Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылганы жазылат.

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ташиев УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин дайындалган жана президент  Садыр Жапаровдун эң жакын досу катары белгилүү.

ДЕПУТАТТАР ИШИН БАШТАДЫ

 Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы өттү. Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сессияны ачык деп жарыялап, андан соң Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 34-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат.

“АК-ЖОЛ” БЕКЕТИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫК БОЛОТ

Бүгүн, 1-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол – унаа жолу” өткөрүү пунктунда саат 15:00дөн 18:00гө чейин унааларды жана адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, өткөрүү пунктунун иши Тышкы миграцияны эсепке алуунун биркдитүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу токтотулат.

“Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт”, — деп айтылат маалыматта. УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинен өтүүдө каттамды алдын ала тандап алууга чакырат.

Количество просмотров: 237