АЛАМҮДҮН КОКТУСУНДА ЖОГОЛГОН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулар жана укук коргоо органдарынан жалпы 224 адам чыкты.
ӨКМдин маалматына ылайык, бүгүн таң эрте Аламүдүн капчыгайында издөө-куткаруу иштерин көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барды.
Анын жетекчилиги менен куткаруучулар топ-топко бөлүнүп, тоо беттерине, суу жээктерине, коктулардан издөөгө чыгышты.
Эске салсак, 2024-жылдын 16-январында Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган адам дайынсыз экендигин туугандары билдиришкен.
ТИК УЧАК КЫРСЫГЫНДА ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН АБАЛЫ
Саламаттык сактоо министрлиги тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.
Маалыматка караганда, Тез жардам ооруканасында 8 адам дарыланууда. Реанимацияда жаткан төртөөнүн экөө палатага которулду. Жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталда, алардын абалы дагы туруктуу.
Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн окуу-машыгуу учурунда Ми-8 тик учагы кулаган.
Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон.
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ МҮМКҮН
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот: