• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды. Бүгүн жылуулук бериле баштайт

31 Тогуздун айы 202314:01 Бишкек Govori.TV

БҮГҮН ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛЕ БАШТАЙТ

Бүгүн, 31-октябрдан тарта Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Жылытуу биринчи кезекте-ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине, экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

МИНИСТРЛИК АЙДООЧУЛАРГА КАЙРЫЛДЫ

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 31-октябрга карата өлкөнүн ашууларындагы жана жолдорундагы абал боюнча маалымат берип, айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырды.

Ведомстводон кошумчалашкандай, учурда ашуудагы жолдор ачык, унаа кыймылына чектөө жок. Ал эми Төө – Ашууда кар жаап, жолчулар тарабынан инерттик материалдар чачылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору 31-октябрь жана 1-2-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын кабарлап, шашылыш билдирүү тараткан.

УНААДАН БАҢГИЗАТ ТАБЫЛДЫ

Таласта айдоочунун унаасынан 6 кг ашуун баңгизаты табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 24-октябрда Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолунда Талас районунун Талды-Булак айылында «ГАЗ-69» үлгүсүндөгү унааны ташып бара жаткан унаа токтотулган.

Аталган унаага тинтүү жүргүзүү учурунда 18 даана көлөмү 1,5 литр пластик бөтөлкөлөрү, жарым 50 кг. сумкасынан жалпы салмагы 6 кг 753 гр «марихуана» табылып алынган.

Аталган унаанын ээси кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 130