• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: УКМК чыккынчылыкка шектүүлөрдүн бири Казакпаев экенин билдирди. Коронавирус күч алды

14 Чын куран 2021 14:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы эки киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын экөө тең Бишкектеги ооруканада жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1534кө жетти.

14-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 240 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.

Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 90 839, айыккандар 86 313 кишини түздү. Бир күн аралыгында 161 бейтап айыкты.

АЙРЫМ ПАРТИЯЛАР АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан 8 партияга ачкалык жарыялоого уруксат берген жок. Бул тууралуу Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев бүгүн, 14-апрелде журналисттерге билдирди.

Аталган партиянын мүчөсү Амантур Манапбаевдин айтымында, 9 партия ачкачылык акциясына катышуу ниетин билдиришкен. Муну менен алар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда.

«Биз чатыр тигинүү ойлогонбуз, ар бир партиядан 1-2 киши ачкачылык кармайт. Бирок бизге соттун чечимин көрсөтүштү, ал жакта акимчиликтин митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө сунушун колдоору айтылат», — деди Манапбаев.

Партиялар тыюу салууга карабай ачкачылык кармоону улантууну пландап жатышат.

МАРАТ КАЗАКПАЕВ ЧЫККЫНЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Саясат таануучу Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалды. Аталган маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү (“Мамлекеттик чыккынчылык кылуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында республиканын айрым жарандарынын бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды.

“2021-жылдын 13-апрелинде тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгынын жана мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилдеринин негизинде Кыргызстандын жарандары Марат Казакбаев жана М.Т. кармалышты”, – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет.

Материалдар улуттук коопсуздукка байланыштуу болгондуктан кылмыш иш жашыруун болмокчу.

Количество просмотров: 851