• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: УКМК министрдин тууганын кармады. Дүкөндөн алмаларга катылган баңгизат табылды

15 Тогуздун айы 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

15-октябрга карата таажы илдетин жугузуп алган эки бейтап каза болду. 98 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 681 адамга жетти. Жалпы 2 629 адам каза болду. Бир күндө 94 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 476 адам ооруканада, 576 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

УКМК МУРДАГЫ МИНИСТРДИН ТУУГАНЫН КАРМАДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганын кармады. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. Саламаттык сактоо министрлигиндеги кызмат адамдарынын, дары-дармек менен иш алып барган компаниялардын коррупция боюнча кошумча фактылары табылгандыгы айтылат. Мурдагы саламаттык сактоо министринин туугандарынын бири дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынган. Биринчи май райондук соту кармалган жарандын баш коргоо чарасын карап, УКМКнын тергөө абагына тергөө бүткүчө киргизди.

ДҮКӨНДӨН АЛМАЛАРГА КАТЫЛГАН БАҢГИЗАТ ТАБЫЛДЫ

Бишкек шаарындагы дүкөндө алмалар салынган кутунун ичинен 3 килограммга жакын баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 22 жаштагы О.Б. аттуу жаранга тиешелүү Бишкектин аймагында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде издөө иштерин жүргүздү. Алмалар салынган кутунун ичинде 273 даана ширеңкенин ичине ныкталган кочкул-күрөң түстөгү жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар табылган. Алынган заттардын жалпы салмагы 2 кг 874 гр болгон. Ошол эле күнү О.Н. кармалып, Ленин райондук милициясына жеткирилген. Аталган жаран алынган заттар ага тиешелүү болгондугун мойнуна алган. Учурда кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1553