• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Унаасыз күн». Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги чуу жараткан көргөзмө

2 Бештин айы 2019 15:44 Бишкек Govori.TV

КУМТӨРДӨ ЖОГОЛГОН КЫЗМАТКЕРЛЕР ТАБЫЛА ЭЛЕК
1-декабрда саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз болууда. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынан билдиришти.
Эки кызматкердин жок болуп жатканы тууралуу маалымат 1-декабрда тараган.
Маалыматта ушу тапта эң орчундуу маселе жоголгон адамдарды табуу экени айтылат. Издөө иштери учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен чогуу аткарылууда.
«Жер көчкөндөн кийин эле компания дароо кызматкерлерди эвакуациялоону баштап, иштин баарын токтотту. Ошол замат тиешелүү органдар, эки жумушчунун үй-бүлөсү кабардар болду», — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, ошол эле күнү кечинде окуя боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үн катып, дайынсыз болуп жаткан эки кишини издөөгө бардык күч аракетти жумшоону тапшырган.


МИРА ЖАНГАРАЧЕВА КЫЗМАТТАН КЕТТИ
Социалдык тармактарда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмө өтүп, ал жерге ич кийимдердин илингени, жылаңач айымдарды көрсөтүлгөнү кызуу талкууга алынууда.
Мындан улам коомдук активисттер топтолуп бүгүн, 2-декабрда нааразычылык акциясына чыгышты. Алар бул көрүнүштү Европа маданиятын колдоо катары сыпатташууда. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул боюнча министрликтин позициясын билдирип, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө комментарий берди. Айтымында министрлик аталган иш-чараны колдобойт.
Мындан сырткары, министр Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын жана ага Жаманкулов кол койгонун билдирди.


«УНААСЫЗ КҮН» ЖАРЫЯЛОО СУНУШУ КИРГИЗИЛДИ
Жарандык активист Бишкек шаарынын тургундарын шаршемби күнү автомобилин үйгө таштап чыгууга чакырат. Бул тууралуу Константин Конкин facebook баракчасына жазды.
Ал шаршемби күнү ордо калаада «Унаасыз күн» жарыялап, жалаң гана коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.
«Шаар чоң эмес, жете турган жерге 30 мүнөттө жетсек болот. Анүстүнө коомдук транспортту да колдонуп баштайбыз. Экологияга кандай таасир тийгизерин көрөбүз», — дейт ал.
Белгилей кетсек, кыш кириши менен шаар үстүндө кайра коюу түтүн пайда болуп, экологдор коңгуроо кагууда.

Количество просмотров: 46