• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Вице-мэр Сагындык уулу эки айга камакка алынды. 18 жашар уландын аттракциондогу өлүмү иликтене баштады

28 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 28-июлга карата таажы илдетинен 13 адам ажал тапты. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2288 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 996 адамдан табылды.Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 160 085 адамга жетти. Бир күндө 1723 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3928 адам жатат, дагы 12 528 бейтап үйдөн дарыланууда.

18 ЖАШТАГЫ ЖИГИТТИН ӨЛҮМҮ ИЛИКТЕНЕ БАШТАДЫ

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы “Золотые пески” пансионатынын аймагында болгон каргашалуу окуя — 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча сотко чейин өндүрүш башталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. “Экспертизалык иштер аяктагандан кийин гана кайсы берене боюнча кылмыш иши козголору белгилүү болот”, — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, 27-июлда “Золотые пески” пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Жерине куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылган. Түтүкчөнү кесип маркумдун жансыз денесин алып чыгышкан.

ВИЦЕ-МЭР 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ

саясат,кооБишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу УКМК СИЗОсуна киргизилди. Мындай чечимди Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту чыгарды. Маалыматка ылайык, Сагындык уулу 25-сентябрга чейин камакта болот. Эске салсак, 23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган. Атайын кызматтын билдиришинче, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан.

Количество просмотров: 1632