• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Ирактын президенти көңүл айтты. Кызамык оорусунун 2 316 учуру аныкталды

28 Аяк оона 2023 13:58 Бишкек Govori.TV

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ АЛМАШТЫ

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Догдуркүл  Кендирбаева  Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

КР билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги КР Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаров кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек  Усеков Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулган.

ЖАПАРОВ ИРАКТЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КӨҢҮЛ АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров Ирактын президенти Абдулатиф Жамал Рашидке Найнава провинциясында үйлөнүү үлпөтүндө болгон өрттүн кесепетинен көптөгөн курмандыктар болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Ушул жылдын 27-сентябрында Найнава аймагындагы ресторанда орун алган чоң өрттүн натыйжасында көптөгөн адамдар каза болду деп суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

КЫЗАМЫК ООРУСУН АЛДЫН АЛУУ
Кыргызстанда 2023-жылдын башынан бери кызамык оорусунун 2 миң 316 учуру аныкталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына таянып Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Кызамык вирусунун жүгүртүүсүн азайтуу, анын очогун локализациялоо жана андан ары жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы 18-сентябрдан башталып 29-сентябрга чейин улана турган кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясын вирустун эң активдүү жүгүртүүсү жүрүп жаткан өлкөнүн аймактарында — бул Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында, эмдөө статусуна же мурун кызамык жана кызылча ооруганына карабастан эмдөө жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 76