• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров «Курултай жөнүндө» мыйзамга кол койду. Жээнбековдун жубайы абакта калды

25 Теке 2023 14:11 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ КУРУЛТАЙ МЫЙЗАМЫНА КОЛ КОЙДУ  

Президент Садыр Жапаров «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.

Конституциялык мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ал КР Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда Элдик Курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик Курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган.

Ошону менен бирге конституциялык мыйзам Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.

ЖЭЭНБЕКОВДУН ЖУБАЙЫ АБАКТА КАЛДЫ

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтү 25-сентябрга чейин узартылды.

Мындай чечим Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 21-июлда кабыл алынган.

Эске салсак, Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган. Ал Бишкек шаарындагы эки жер тилкенин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналып жатат. Алимбаева өзү коюлган айып менен макул эместигин айткан.

ЖАРДАМ СУРАГАН КЕЛИНГЕ КОРГОО ОРДЕРИ БЕРИЛДИ

Социалдык тармактарда маршруткада жардам сурап, ыйлап жатканы тартылган келиндин видеосу тараган. Анын колунда кичинекей баласы болгон. Аял ыйлап, жардам сурап жатканына карабай, күйөөсү аны түшүрбөй, унаасын айдап кетип калганын көрүүгө болот.

Окуя 24-июлда Бишкектеги Asia Mall соода борборунда болгон. Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

«Унаадагы жаран 37 жаштагы А.К. экени аныкталып, милицияга чакырылган. Анын К.Н. аттуу жубайы күйөөсүнө дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартты. Келинге коргоо ордери берилген»,-деп билдиришти милициядан.

Количество просмотров: 94