• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жапаров өлкөнүн түштүгүн кыдырат. Көлбаев сотко жеткирилген жок

2 Жетинин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык штабдын маалыматы боюнча 2-ноябрга карата коронавирус дагы 436 кишиден аныкталды. Беш адам каза болду. Ооругандардын көбү  Бишкек шаарында катталды. Каза болгондордун үчөө Бишкекте, бирден адам Баткен жана Талас облусунда. Ал эми акыркы бир күндө 332 адам сакайып чыкты.

Марттан бери бул вируска 59 879 киши чалдыкты, алардын 50 741и сакайып чыкты.

Пандемия башталгандан бери каза болгондордун саны 1155 кишиге жетти.

ЖАПАРОВ ӨЛКӨНҮН ТҮШТҮГҮН КЫДЫРАТ

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 2020-жылдын 2-4 ноябрында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров облустардагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышат.

Мындан тышкары, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан эл менен жолугушат.

КӨЛБАЕВ СОТКО ЖЕТКИРИЛГЕН ЖОК

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы каралган жок.

Маалыматка ылайык, отурум Көлбаев сотко жеткирилбегендиктен белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Эске салсак, Биринчи май райондук соту 23-октябрда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын карап, УКМКнын абагына 2 айга камакка алынган. Ага карата “кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 56