• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров сапары менен Абу-Дабиде жүрөт. Кырсыкта жаш балдар жабыркады

12 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АБУ-ДАБИГЕ КЕЛДИ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына теңтөрага катары катышат.

Андан соң Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышат.

ЖОЛ КЫРСЫКТА ӨСПҮРҮМДӨР ЖАБЫРКАДЫ

Эки оң рулдуу авто унаалар сүзүшүп, 6 жаран жаракат алган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда болжол менен саат 13:00 чамасында «Тойота-MR2» үлгүсүндөгү авто унаа Жайыл-Баатыр көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишинен «Тойота-Виш» үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын натыйжасында, 2010-2011-жылы туулган 6 жаш бала жабыркап, баары 3-балдар оорукасына жеткирилген.

БЫЙЫЛ КЕРЕКТӨӨ БААЛАРЫ ӨСТҮ

Быйыл он бир айда керектөө баалары өлкө 13,5%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Анын ичинде: алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары – 21,7%га, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 14,8%га, азык-түлүк эмес товарлар – 11,4%га, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 8,4%га жогорулады.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү быйыл он бир айда 726 млрд сомдон ашты.

Ал эми өнөр жай тармагында өсүш байкалган, бул тармактагы продукциялардын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрында 383 млрд сомдон ашкан.

Количество просмотров: 336