• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров жумушчу сапар менен Дубайга барат. 135 миң доллар алып, качып жүргөн милиционер кармалды

13 Бештин айы 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

13-декабрга карата Кыргызстанда 26 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды.

Алардын көбү Бишкек шаарында. Чүй, Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облусутарында илдетти жугузгандар катталган эмес. COVID-19га каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, коронавирустан каза болгон учур болгон жок.

Ушуну менен былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 183 991 адам катталды. Ушул тапта 350 адам ооруканада, 348и үйүндө дарыланып жатат.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 13-декабрга карата 1 млн. 160 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 942 миңден ашууну эки дозаны сайдырышты.

ЖАПАРОВ ДУБАЙГА БАРАТ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Дубай шаарындагы «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышып, ошондой эле Дубай шаарындагы «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.

Акылбек Жапаровдун жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмираты — 2021» туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.

ИЗДЕЛИП ЖАТКАН МИЛИЦИОНЕР КАРМАЛДЫ

Издөөдө жүргөн Октябрь РИИБдин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь РИИБдин Криминалдык милициясынын ыкчам кызматы С.Р. Жазык кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункту (Кызматтык абалынан пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен шектелүүдө. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, милиционер кызматтык абалынан пайдаланып, 135 миң доллар алып, ар кандай шылтоолор менен акчаны кайтаруудан баш тарткан.

Андан соң укук коргоо кызматкери сыртынан издөөгө алынып, 12-декабрда анын жүргөн жери аныкталган. Аны Беш-Күңгөй айылындагы дачадан табышкан.

Кармалган жаран УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Количество просмотров: 335