• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровдун Душанбеге болгон сапары аяктады. Ташиев Баткенге барды

15 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН ИШ САПАРЫ АЯКТАДЫ

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 14-сентябрда, Душанбеге болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда тараптар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Андан соң мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты.

ТАШИЕВ БАТКЕНГЕ БАРДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев  14-сентябрда Баткендеги чек ара кызматынын бөлүмүнө барды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал имараттын абалы, аскер кызматкерлерине түзүлгөн шарттар менен таанышты.

«Атайын кызматтын төрагасы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аскер кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, мындан ары дагы көңүл буруулар улантыларын баса белгиледи. Аны менен катар ар бир аскер кызматкери мекенге берилгендик мекен кызмат кылуусун, милдеттерин так аткаруусун эскертип өттү», — деп айтылат билдирүүдө.

АК-ОРДОДО ҮЙЛӨР ШААРДЫК КАНАЛИЗАЦИЯГА КОШУЛАТ

Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы Ак-Ордо көчөсүндө жеке турак жайларды шаардык канализация тармагына кошуу үчүн канализация курулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, канализацияны курууга 4 млн 520 миң сом сарптоо пландалууда.

Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.

Количество просмотров: 533