• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровдун өкмөтүндө жаңы дайындоолор болду. УКМК жарандарды дүрбөлөңгө түшрөөгө чакырат

14 Тогуздун айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 14-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы эки киши кайтыш болду. Анын экөө тең Баткен облусунун тургундары. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирустан жалпы 1094 киши каза болду. 

Акыркы жумаларда Кыргызстанда коронавирустун жайылышы кескин күчөдү. Оору жугузуп алгандардын көбөйгөнү акыркы күндөрдө көп байкалууда. Расмий эсепке караганда, вирус күн сайын 300дөй кишиден лабораториялык жол менен аныкталып жатат.

14-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 330 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 50 201 кишиге жетти. Анын 44 884ү сакайганы айтылды. Бир күндө 172 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1960 бейтап стационарда, 1801и үй шартында дарыланууда.

ӨКМӨТТӨ ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР БОЛДУ

Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров бир катар буйрукка кол койду:

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович өкмөттүн аппарат жетекчиси — министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

— Ниязбеков Уланбек Омоканович Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

— Абдылдаев Сагынбек Токонович  өкмөткө караштуу Экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды (финансы полициясы);

— Эгембердиев Аскат Раимжанович өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;

— Ашимбаев Сабыркул Абасович  өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

УКМК ЖАРАНДАРГА КАЙРЫЛДЫ

Дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок, деп билдирди бүгүн, 14-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.

«Учурда социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы жана республикадагы абалды туруксуздаштырууга чакырган ар кандай чакырыктар болууда. Ага байланыштуу УКМК дүрбөлөңгө алдырбай, ушактарга ишенбөөгө чакырат», — деп айтылат маалыматта.

УКМК башка күч жана укук коргоо органдары менен бирге ар кандай күчтөр тарабынан жүргүзүлгөн провокацияларды алдын алууга жана бөгөт коюуга тиешелүү жумуштарды аткарууда.

«УКМК жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары жана мындай оор кырдаалда абалды тез арада турукташтыруу үчүн бардык тараптарды консенсуска чакырабыз», — деп УКМК өз позициясын билдирди

Количество просмотров: 219