• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жасалма ПЦР-тест даярдагандар кармалды. Бакенде 10 гектар жайыт мыйзамсыз менчиктештирлген

21 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 21-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2946 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 15 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкекте. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 миңден ашты.

ЖАСАЛМА ПЦР-ТЕСТ ДАЯРДАГАНДАР КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад шаарындагы Medicana Plus диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен жыйынтыгы таза чыккан ПЦР анализдердин жасалма электрондук тастыктамасын даярдагандар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  билдирди. Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиакассада иштегендер менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЦР-анализдерин сатып жүрүшкөн. Тесттин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгон. Жарандар тест тапшырбай эле Medicana Plus лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга Whatsapp мессенжери аркылуу жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип турган. Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталган. Учурда бул коррупциялык схеманын бардык жагдайларын тергөө уланууда.

10 ГЕКТАР ЖАЙЫТ МЫЙЗАМСЫЗ МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН

Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Х.С. аттуу адамга 19 млн 200 миң сомго бааланган 10 гектар айыл чарба жерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген. Натыйжада жайыт бузулуп, мамлекетке 464 миң 400 сом зыян келген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берген кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылып, келтирилген зыян толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Количество просмотров: 78