• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жээнбеков Ошту кыдырат. Вирустан 16 кош бойлуу аял көз жумган

9 Аяк оона 2020 14:13 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=TmmDnClL7C8

УНАА СУУГА ТҮШҮП КЕТИП, 2 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Аламүдүн районунда унаа сууга түшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-сентябрда саат 21:10 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Дачное айылында ГЭС-5 көлмөсүнө “Nissan Cefiro” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен, унаада 31 жаштагы эркек жана 36 жаштагы аял киши болгон.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, саат 10:35те унааны суудан чыгарып, каза болгон жарандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КОРОНАВИРУСТАН 16 КОШ БОЙЛУУ АЯЛ КАЗА БОЛГОН

Кыргызстанда 16 кош бойлуу аял коронавирустан каза болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеров билдирди.

Анын айтымында, аларда коронавирус оор түдө өткөн.

“Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда 536 боюнда бар аял коронавирустан айыгып чыкты. Коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун төртүнчү версиясы иштелип чыкты. Анда коронавирус жуктурган кош бойлуу аялдарды дарылоо, реабилитациялоо тууралу жаңы кеңештер жазылган”, – деди ал.

Белгилей кетсек бүгункүгө карата коронавирус илдети 87 адамдан аныкталса, Талас облусунда даарыланып жаткан бир бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча ыргызстандын аймагында 178 адам айыккан.

ЖЭЭНБЕКОВ ОШКО БАРАТ

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-сентябрь күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, ошондой эле айыл чарба жана өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.

Мындан сырткары, Президент сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Количество просмотров: 90