• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: ЖК компьютерлерди сатып алат. Ысык-Көлдө жер титиреди

12 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖЕР ТИТИРЕДИ

Ысык-Көлдө 11-апрель күнү саат 23:08де очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БАТКЕНДЕ АБА МАЙДАН ЖАБЫЛДЫ

«Баткен» аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу убактылуу жабылды.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аэропортто аэродромдун элементтерин оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. Оңдоо иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

ЖК КОМПЬЮТЕР САТЫП АЛАТ

Жогорку Кеңеш персоналдуу компьютерлерди сатып алууга тендер жарыялады.  Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына караганда, пландалган сумма 10 млн 400 миң сом, конкурстук билдирмени кабыл алуунун акыркы күнү 17-апрель.

Техникалык мүнөздөмөсүндө 130 даана компьютер сатып алуу пландалгандыгы көрсөтүлгөн

Количество просмотров: 57