• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Соңку жаңылыктар: ЖКда жаңы депутаттар ант беришти. Жээнбеков Чүйгө иш сапары менен барат

3 Аяк оона 2020 13:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 44 135 адам илдетке чалдыккан

3-сентябрьга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык акыбал канааттандыраарлык эмес. Маселен сутка ичинде ооруну жугузуп алган 99 учур катталса, анын 25 коронавирус, ал эми 74 учуру пневмония деп аныкталган. Бул көрсөткүч бир күн мурункуга салыштырмалуу 21 учурга жогору.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 44 135 адамды түзсө, анын 39 174 айыгып чыгышкан. Ал эми 3-сентябрьга карата 279  адам айыккан. Учурда ооруканаларда 613 бейтап даарыланууда. Бүгүнкү күнгө карата каза болгон учур катталган эмес.

Мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында штаб түзүлдү

Шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоо үчүн Башкы прокуратуранын Штабы түзүлгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган штабдар республиканын аймактарындагы прокуратураларда дагы түзүлгөн. Мындан тышкары шайлоого даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана бул туурасында облустук, шаардык жана райондук прокурорлорго да тийиштүү тапшырмалар берилген.

ЖКда жаңы депутаттар ант беришти

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталып, жаңы мандат алган депутаттар ант берди.

Алардын атын атап өтсөк:

– Молдалиев Сталбек Уметкулович (КСДП)

– Сырдыбаев Нурлан Муратбаевич («Өнүгүү-Прогресс»)

– Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович («Өнүгүү-Прогресс»)

– Койчуманов Мээримбек Нурбекович («Кыргызстан»)

– Исмаилов Уланбек Чекишевич («Өнүгүү-Прогресс»)

– Садиков Улугбек Чирмашович («Кыргызстан»).

Жээнбеков Чүй облусуна иш сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы бүгүн, 3-сентябрда Чүй облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында кабарланды. Маалымат боюнча, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат. Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын ишмердиги жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.

Количество просмотров: 47