• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: ЖКнын төрагасы кайра шайланды. Экономикалык амнистия өз жыйынтыгын берүүдөбү?

4 Жетинин айы 2020 14:20 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды. Бүгүн, 4-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин жыйыны өтүп жатат.

Жашыруун добуш берүү үчүн жалпы 101 бюллетень таратылган. Анын ичинен 100 депутат Т.Мамытовдун талапкерлигин колдоп, бир депутат каршы болду.

Аны талапкер катары «Республика — Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев бүгүн,4-ноябрда парламенттин жыйынында президенттик шайлоого катыша турганын жарыялап, Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Акыркы суткада коронавирус илдетине кабылган төрт киши каза болду. Алардын үчөө Бишкектин, бирөө Баткен облусунун тургуну болушкан. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады. 4-ноябрга карата COVID-19 оорусу 495 кишиден аныкталды. Илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош облустарында катталууда. Маалыматка караганда илдетке чалдыккандардын ичинен 527 киши сакайып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги октябрь айында митингдердин, чогулуштардын, той-топурлардын көптүгү, сасык тумоонун күчөшү менен COVID-19 вирусу да арбыганын билдирип, элди санитардык нормаларды сактоого чакырууда.

БАШКЫ ПРОКУРОР МААЛЫМАТ БЕРДИ

Бүгүн 4-ноябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын берди. Анда ал козголгон кылмыш иштеринин алкагында өлкө казынасына 5,4 млрд сом түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, экономикалык амнистия өз жыйынтыгын берүүдө.

“Бүгүнкү күндө козголгон жана тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча мамлекетке акча каражат түшүүдө. Жарлыктын алкагында 5,4 млрд сом мамлекеттин казынасына келип түштү. Ал эми кылмыш иши козголбогон, бирок коррупцияга аралашкан аткаминерлердин эч кимиси каражат төгө элек. Атайын органдар ар бир мыйзамсыз табылган мүлкүнө иликтөө жүргүзөт”, – дейт Зулушев.

Эскерте кетсек, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров тарабынан бир айлык мөөнөткө экономикалык амнистия жарыяланган.

Количество просмотров: 94