• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Жол кырсыгынан айдоочу кыз көз жумду. Автомектептерге 1 млн сомдон ашык айып салынды

17 Кулжа 202214:00 Бишкек Govori.TV

МЭРИЯ “БЕЛЕС” МЕНЕН МЕМОРАНДУМ ТҮЗДҮ
Бишкек шаарынын мэриясы менен автобус чыгарган атамекендик “Белес Кей Жи” ЖЧКсы кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, келишимге Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев менен “Белес” компаниясынын директору Мирбек Аскалиев кол койгон.
Меморандумдун алкагында муниципалитет “Белес” чыгарган техниканын сапатын текшерүү максатында газ менен жүргөн беш автобус сатып алууну көздөөдө. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Белес” ЖЧКсына барып, атамекендик өндүрүштү колдоону тапшырган.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН АЙДООЧУ КЫЗ КАЗА БОЛДУ
Чүйдүн Кой-Таш айылында Lexus 330 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааны 2003-жылы туулган А.А. аттуу кыз башкарып бара жаткан. Ал алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон. Ал эми 2000-жылы туулган Т.Э. аттуу жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

АВТОМЕКТЕПТЕРГЕ АЙЫП САЛЫНДЫ
Кырпгызстанда автомектептерге 1,1 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Мирсадык уулу Темирлан билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча жалпы 270 автомектеп бар, анын ичинен 193ү текшерилди.
“Биз 198 көрсөтмө берип, 44 мектепке 1 млн 185 миң сом айып пул салдык”, — деди инспектор.
Ал автомектептер тиешелүү лицензиясынын жоктугунан жабылганын белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин өлкөнүн аймагында талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылган.

Количество просмотров: 3050