• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жол кырсыгында 3 адам жабыркады. Мыйзамсыз унаа ташуу фактысы аныкталды

29 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КЫРСЫКТА 3 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

28-сентябрда саат 13:30да Бишкек-Торугарт унаа жолунун 123-чакырымында Боом капчыгайынын кире беришинде Toyota Tundra жана Ford Galaxy үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда унаалар айып аянтчасына токтотулду. Инспекторлор жол кырсыгынын чоо-жайын тактоодо.

УНААЛАРДЫ МЫЙЗАМСЫЗ ТАШУУ ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагына унааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында “Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

МОНЧОЛОР ТЕКШЕРИЛДИ

Бишкекте тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча рейддер уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин алкагында Жибек-Жолу, Кулиев, Павлов көчөлөрүндө жайгашкан 8 мончо текшерилди.

Текшерүү учурунда тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары аныкталган жок. Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы зыяндуу заттарды өрттөө «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.

Количество просмотров: 106