• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жолдошу аялын өлтүрүүгө шектелүүдө. Ош мэринин орун басары кызматтан кетти

5 Чын куран 2023 14:01 Бишкек Govori.TV

ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛГАН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ

Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 5-апрель күнү, саат 07:30 чамасында Бишкектин Түгөлбай Ата көчөсүндө жайгашкан үйдө өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган жаран куткарылып калды.

«Аталган даректе 1997-жылы туулган А.А атту жаран болгон. Жерине ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын өздүк курамы тартылып, куткаруучулар жаран менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң бекилген эшикти ачтырышкан. Ошол эле учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүп, тийиштүү кызматка өткөрүп берилди», деп айтылат маалыматта.

ЖОЛДОШУ АЯЛЫН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Ош шаарында жолдошу кызганычтан улам аялын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 2-апрелде саат 23:00дөр чамасында Ош шаарынын Набережная көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясынын боюнан Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургунунун сөөгү табылган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кыздын 28 жаштагы жолдошу кармалып, Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

“Шектүүнүн берген алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, ал жубайын башка бирөөгө кызганып, аркасынан аңдыган. Аялын Набережная көчөсүндө отурган жеринен көрүп калып, кызганычтан улам моюн тушуна бир ирет бычак менен сайып жиберген. Натыйжада аялы окуя болгон жерде каза болгон. Шектүү аялына жардам бербестен кетип калган”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жубайлардын үч баласы бар.

ОШ МЭРИЯСЫНДА КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР БОЛДУ

Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, Ош шаарынын мэринин орун басары Жасур Азимов жана мэрдин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров ээлеген кызматынан бошотулушту. Тиешелүү буйруктарга шаар мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.

Белгилей кетсек, Азимов жана Зулпукаров ээлеген кызматтарынан берген арыздарынын негизинде бошотулулган.

Количество просмотров: 385