• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жылуулук качан берилет? Баткенде талкаланган үйлөрдүн орду тазаланууда

3 Тогуздун айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖЫЛУУЛУК КАЧАН БЕРИЛЕТ?

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы шаардыктардын үйлөрүнө качан жылуулук берилерин маалымдады. Билдирүүдө жылуулук берүү нормаларга ылайык жүргүзүлө тургандыгы айтылат.

«Жылуулук 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 ℃ төмөндөгөндө бериле баштайт. Бүгүн, 3-октябрь үчүнчү гана күн», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканалары жана мекемелери жана башка объектилер жылуулук менен камсыздалат. Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарды терезе, эшиктерди жылуулап, отун, көмүр камдап алууга чакырат.

БАТКЕНДЕ ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨР ТАЗАЛАНУУДА

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2-октябрдагы маалыматына караганда, облус боюнча 134 үйдүн орду урандылардан тазаланды.

Анын 67си Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарында, 19у Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан. Буга чейин ӨКМ Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылганын кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 26-сентябрдан 2-октябрга чейин COVID-19дун 77 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 3-октябрга карата баардык аймактар ​​жашыл зонада.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 9 ай жана 1 күнүндө COVID-19дун 21 миң 412 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 405 (90,6%) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Количество просмотров: 118