• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жанылыктар: 5 жыл жабык турган Улуттук тарых музейи ачылды. COVID-19дан 3 киши көз жумду

19 Жетинин айы 2021 14:16 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУСТАН 3 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2715 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 60 адамдан табылды. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды.

ТАРЫХ МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейи расмий ачылышы өтүп жатат.

Иш-чарага президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана маданият өкүлдөрү катышууда.

Маалым болгондой, расмий ачылуудан кийин 10 күн бою музейге кирүү акысыз болот. Саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар үчүн эшик ачык болот.

Эске салсак, тарых музейи 2016-жылы оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Аны реконструкциялоо иштерин Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) милдетине алган. Бирок кийинчерээк оңдоп-түзөөнүн биринчи этабы аяктаган соң, Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси солгундап кеткенине байланыштуу ТИКА ишти андан ары улантууну белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон. Музейди реконструкциялоо иштери толугу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлгөнү, алар маданий жайдын ичин жасап, оңдоо иштерине немец компаниясын дагы тартып, ортодо чет өлкөлүк компанияга 19 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калганы маалымдалган. Карызды төлөмөйүн чет элдик компания музейдин ичиндеги мультимедиалык жабдуулардын паролу менен ачкычын бербей турганын айтышкан. Жакында гана тергөө жана сот иштери бүтүп, германиялык компанияга болгон 225 миң евро карыз төлөнүп берилгени белгилүү болду.

БАЛЫКЧЫДА БИР АДАМ ИСКЕ УУЛАНДЫ

Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-ноябрда саат 07:10 чамасында Балыкчы шаарынын Гагарин көчөсүндө көп кабатту үйдүн бир батири күйүп жатат деген маалымат түшкөн.

Жерине Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:30 өрт чектөөгө алып 07:50 толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен Ш. Т. 1947-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып, куткаруучулар жабыркаган жаранды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Жалпысынан батирдин ичиндеги үй буюмдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 115