• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жанылыктар: Бишкекте жаш жигит бычакталды. Казиного каршы жарандар митингге чыгышты

29 Кулжа 2022 13:58 Бишкек Govori.TV

КАЗИНОГО КАРШЫ МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн 29-июнда Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанда казино ачууга каршы акция өтүүдө.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.

БИШКЕКТЕ ЖАШ ЖИГИТ БЫЧАКТАЛДЫ

Бишкек шаарында 22 жаштагы жигит бычактан жараат алды. Маалыматты Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 28-июнда саат 19:00дөр чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Red Center соода борборунун жанынан адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине келген ыкчам-тергөө тобу 2000-жылы туулган А.К. аттуу жигит белгисиз адам менен уруша кетип, сол санына бычак жегендиги аныкталган.

Аталган факт Свердлов РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

А.К. ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк арыз жазуудан баш тарткан. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

АТКЕЗЧИЛИК ЖҮК КАРМАЛДЫ

Мыйзамсыз ташып келинген жүк менен автоунаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында контрабандалык ишмердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 22-июнунда Баткен облусунун Лейлек районундагы “Кольцо” стационардык постунан жергиликтүү жашоочу Кыргыз Республикасынын  жаранынын башкаруусундагы “Opel Zafira” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Бирок, айдоочу унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн чаралардан улам унаа Баткен ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Унааны кароо учурунда ичинен 680 даана уюлдук телефон салынган 10 коробка контрабандалык жүк табылган. Аныкталган телефондордун жалпы суммасы 900 миң сомду түздү.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Количество просмотров: 205