• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Социалдык өнүгүү министрине чечилбеген сурооңузду берип, жообун алыңыз

23 Жетинин айы 2018 23:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.11.2018.Govori.TV

Министр Улукбек Кочкоров ар жуманын соңунда эл менен интернет аркылуу түз байланышка чыгып, суроолоруна жооп берет.

Бул тууралуу  аталган министрлик өзү маалымат таратты .

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров ар жуманын шейшемби күнү жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрүн угат. Ал эми алыскы аймактагы жана коомдук кабылдамага келе албагандар үчүн, ар жуманын ишемби күнү интернеттеги «Фейсбук» социалдык баракчасындагы министрликтин баракчасы аркылуу түз байланышта суроолорго жооп берип турат.

Жарыянын алдына сурооңузду, аты жөнүңүздү жана телефон дарегиңизди калтырыныз. Окшош жана кайталанган жарандардын суроолору иргелип, жалпыланып жооп берилет.

Түз байланыш ишемби, 24-ноябрь, саат 11:00 – 12:00 чейин болот.

Количество просмотров: 39