• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сох анклавы: Кимдин расмий билдирүүсүнө ишенсе болот?

15 Жалган куран 2021 17:24 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Сох анклавына коридор берилбейт. Бул маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүсүндө каралган эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

«Биз коридор берген эмеспиз жана бербейбиз. Мындай сөздөр президент Садыр Жапаровдун сөзүндө болгон эмес. Анклавдын жашоочулары эркин жүрүшү үчүн биз көзөмөл-өткөрмө пунктун ачууну макулдаштык. Биз анклавдын чегин аныктоо жана демаркациялоо ниетиндебиз. Калпты укпагыла. Чек ара маселелерине байланыштуу расмий маалыматты биз гана бере алабыз. Эгер айта турган болсок, анда бул башка маселе», — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, коридордун ачылышы болжолдонуп жаткандыгы тууралуу алгачкы маалыматты Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Галина Байтерек тараткан. Андан кийин мамлекет башчынын расмий сайтындагы пресс-релиз алынып салынып, бир аздан кийин жаңыртылган маалымат жайгаштырылган.

Количество просмотров: 88