• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Кыздар каза болгон сойкукана вице-мэрдики эмес

3 Үчтүн айы 201918:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.01.2019.Govori.TV.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жыл башында кырсык болгон 12 кабат үйдүн жер төлөсү жана «Жетиген» мейманканасы ага жана анын үй-бүлөсүнө таандык эмес экендигин өзү  маалымдады. 

«2019 — жылдын башында шаарыбызда окунучтуу окуя болду. Бул кырсыктан сон интернет булактарында тастыкталбаган бир тараптуу маалыматтар таркады. Ошондон улам менин дарегиме да ар тараптуу сын-пикирлер айтыла баштады. Билдире кетсем, кырсык болгон 12 кабаттуу уйдун жер толосу (подвал) жана «Жетиген» мейманканасы мага жана үй-бүлоомо тиешелуу эмес. Коомчулукка бир тараптуу, каралаган маалыматтарды таратпоону суранам. Анткени ал жайга тиешем жок экендигин мыйзамдуу айта алам жана мыйзам чегинде жооп бергенге даярмын. Кызыккандар болсо тиешелуу мекемелерден тактап алууну сунуш кылам»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 1-январда Ош шаарындагы Жим көчөсүндө жайгашкан 1-үйдүн жер төлөсүндөгү мейманканадан өрт чыгып, эки кыз каза тапкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан мурдараак бул мейманкананын ээлери сойкулук менен алектенип, тыюу салынганы аныкталган.

Бир нече маалымат булактары бул мейманкана Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыровго таандык деп жазып келген болчу.

Количество просмотров: 20