• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматынын орун басары кармалды

21 Чын куран 2022 9:39 Бишкек Govori.TV

Сокулук РИББнын тергөө кызматынын орун басары кармалды, — деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-апрелинде УКМК КР ИИМдин ички иликтөө кызматы (ИИК) менен бирдикте жүргүзгөн КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара алуу») боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын орун басары К.А.М., кармалды.

КР УКМКсына буга чейин КР С.Г., аттуу жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы боюнча Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын жетекчилеринин бирине карата чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылган.

2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу фактысы боюнча С.Г., аттуу жаранга карата Сокулук РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши катталганы аныкталган.

Ошол эле учурда жабырлануучунун С.Г., аттуу жаранга доосу жок экендиги тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан, тергөө кызматынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылууну уланткан.

2022-жылдын 19-апрелинде саат 18:00 чамасында Сокулук районунун Сокулук айылында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын орун басары К.А.М., кармалды.

Кармалган кызматкер КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 229