Сокулук районунун Фрунзе айылындагы “Восточное” көлүнө 20 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 26-майда саат 17:00дө болгон. 9 куткаруучу сууга чөгүп кеткен жигиттин сөөгүн алып чыгып, милицияга кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сууга түшүү маалында коопсуздук чараларын сактоого жана жашы жете элек балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.