• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сокулукта 3 тонна кара куурай жок кылынды

12 Аяк оона 202011:00 Бишкек Govori.TV

 “Манас” эл аралык аэропортуна жакын жердеги Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүндүн аймагында 3 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 11-сентярбь күнү ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чара өткөрүшүп, жалпысынан 1 гектар жерден 3 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. 

Иш-чаранын жүрүшүндө калк арасында баңги курамын камтыган өсүмдүктөрдү сактабоо, өстүрбөө, пайдаланбоо керектиги эскертилип, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы маалымдалды.

Количество просмотров: 118