• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сокулукта аялын жана эки баласын сабап салган киши кармалды

5 Кулжа 2018 14:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV

Сокулукта аялын, беш жана эки жаштагы эки баласын сабап салган киши кармалды. Бул туурасында Govori.TV сайтына Чүй ОИИБнын басма сөз борбору билдирди.

«4-июнь күнү  болжол менен саат 20.00дө мас болуп келген күйөөсү аялына кол көтөрө баштаган. Келин балдарга тийбейт деген ой менен аларды таштап качып чыккан. Келинчеги чыгып кеткенден кийин 36 жаштагы үй ээси эки жана беш жаштагы эки наристени сабай баштаган.Муну көргөн коңшулар милиция менен тез жардам чакырышкан» -дейт басма сөз борборунан.

Ушу тапта алар Сокулуктун аймактык ооруканасында.

Сүрөт:Спутник

Количество просмотров: 14