• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сокулукта аялын көгала кылып сабаган шектүү Орусияга кетүүгө аракет кылган

18 Баш оона 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда аялын көгала кылып аёосуз сабаган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 1989-жылы туулган А.Н. Орусияга качып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

«Жабырлануучунун арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергеп-иликтөө башталды жана тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 17-августта жолдошу тарабынан ур-тепкиге алынган аял милицияга кайрылган.

Количество просмотров: 149