Социалдык тармактарда Новопавловка айылында жогорку класстын окуучулары өзүнөн кичүү окуучуларды сабап жаткан видео тарады.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда Сокулук райондук милиция кызматкерлери окуяга катыштыгы бар бардык тараптарды аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө.