• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сокулукта турак үй толугу менен күйүп кетти

25 Тогуздун айы 20219:20 Бишкек Govori.TV

Сокулукта турак үй толугу менен күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Ордо 3 жаңы конушунда жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.

Жеринде ӨКМден өрт өчүрүүчү 1 бөлүм жана 1 камАЗ унаасы иш алып барган. Өрт саат 05:39да чектөөгө алынып, саат 07:00дө толук өчүрүлдү.

Количество просмотров: 584