• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сокулукта жаран атасынын сөөгүн темир челекке салып өрттөп салган

26 Бугу 2020 17:33 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Сарбан айылында 44 жаштагы жаран атасынын сөөгүн темир челекке салып өрттөгөн. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 20-май күнү кечки тогуз жарымда милицияга Сарбан айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 73 жаштагы Т.В. аттуу жарандын күйүп калган сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон адамдын уулу — 44 жаштагы Т.Ы. суракка алынган. Анын айтымында, бир ай мурун атасы жүрөк оорусунан улам каза болгон. Бирок бул тууралуу тийиштүү органдарга билдирген эмес. Атасынын сөөгүн темир челекке салып өрттөгөн.

Жергиликтүү тургундар улгайган кошунасы көрүнбөй калганын милиция кызматкерине билдиришкен болчу. Ал текшерүү учурунда үйдүн короосунан эркек кишинин сөөгүн тапкан.

«Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Булак: АКИpress.

Количество просмотров: 283