Буга чейин Сокулук РИИБнө бир нече жаран уурулук фактылары боюнча арыз менен кайрылышкан. Алар өз арызында, ушул жылдын ноябрь айынын ортосунда чачтарач салонунан кымбат баалуу электр чач кырккычты жана башка косметикалык буюмдарды уурдалганын жана, Сокулук районунун аймагында жайгашкан бир нече дүкөндөрдөн акча, тамак-аш азыктарын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранышкан. Келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат боюнча, бул фактылар Сокулук районунун ИИБнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысына ылайык катталып.
Сотко чейинки өндүрүш башталды. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери бул кылмыштарды тиешеси бар деп, үч жаранжды кармашкан, алар 21- жаштагы А.Э. жана 20- жаштагы Ш.Б. 28- жаштагы Ч.Н. болуп чыккан.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө аталган жарандардын Чүй облусунун аймагында жасалган уурулук 6 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталды, алар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери аталган адамдардын башка ушул сыяктуу уруулук фактыларына тиешеси бардыгы текшерилүудө.
Кармалгандар жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.


