• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сокулукта “Жер мафиясынын” мүчөсү кармалды

12 Чын куран 2024 11:01 Бишкек Govori.TV

Сокулук районундагы мунапыстагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу менен алектенген “Жер мафиясынын” мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабаралшты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга ылайык мунапыс берилген жер тилкелерин алдамчылык жолу менен мыйзамсыз сатуунун туруктуу схемасы аныкталып, алардын уюштуруучулары К.А.А. жана К.К.К кармалган.

«Тактап айтканда, “Гектарщик” жер мафиясы дегендердин мүчөлөрү алдамчылык схемасын уюштуруп, мурда мунапыс алган жер тилкелерине ээлик кылып, потенциалдуу сатып алуучуларды таап, аларга жер тилкесин тескөө боюнча ишеним каттарды беришкен. Ошол эле учурда жер тилкелери үчүн акча каражаттарын алгандан кийин, аталган схеманын уюштуруучулары Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү арыз берүү менен жокко чыгарышкан, тагыраагы сатып алуучуларга мүлккө болгон укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында сатып алуучулар өзгөчө ири чыгымга учурашкан», — деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында К.А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук райондук бөлүмүнүн кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 245