• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сокулуктагы тойдон кийинки мушташ. Милиционер кармалды

21 Тогуздун айы 202410:06 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда 25 жаштагы жигит тойдон кийин сабалган. Мушташ учурунда аларды унаа сүзүп кеткен. 25 жаштагы жигиттин жакындарынын айтымында ал комага түшүп калган.

Окуянын видеосу соцтармактарга тарады.

Чүй ОИИББ окуяга шектүү катары 28 жаштагы бир адам кармалып, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Мушташка шектелген 28 жана 25 жаштагы дагы эки адам ошол күнү жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын бири Сокулук районунун күзөт бөлүмүнүн кызматкери, 28 жаштагы И.Б. ооруканадан камакка алынган.

Ошондой эле учурда кылмыштын башка катышуучулары такталып жатканы кошумчаланды.

Бардык керектүү экспертизалар дайындаган. Ал эми унаа айып жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 599