Соль-Илецктен келип обсервацияда жаткандар тополоң чыгарышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Ага ылайык, обсервацияда жаткандар нааразы пикирлерин айтышып, сыртка чыгып, тополоң салышкан. Алар үйлөргө кое берүү талабын коюшканы айтылууда.
Бүгүн, 18-майда Соль-Илецк шаарынан келген дагы 43 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен аталган шаардан келип коронавирус аныкталгандардын саны 101ге жетти.