Бишкек. 15.07.2019. Govori.TV
Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жаткандыгы боюнча 2019-жылдын 8 июлда маалымат түшкөн. Маалыматтын негизинде Нарын райондук ветеринардык башкармалыктын жана ветеринардык лабораториясынын адистери менен биргеликте клиникалык кароо жүргүзүлдү жана жугуштуу ылаңдардын белгилери аныкталган жок.
Мындан сырткары өлгөн малдардан анализ алынып лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, изилдөөнүн жыйынтыгында “Нитрат жана мышьяк” аныкталган.
Бул туурасында, мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы маалымдады.
Жогорудагылардын негизинде малдар ууланып өлүп жаткандыгы боюнча болжолдуу диагноз коюлууда. Ошондой эле комплекстүү изилдөө максатында Нарын районунун акиминин буйругунун негизинде комиссия түзүлүп суулардан жана өлгөн малдардан материлдар алынып тиешелүү лабораторияларга жөнөтүлдү.
Бүгүнкү күнгө чейин 29-баш козу чыгымга учурады.