• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку аптада дүйнөдө орун алган кырсыктар

25 Жалган куран 2019 9:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги соңку аптада канча табигый кырсык катталгандыгы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Африкада бороон-чапкын жана сел каптоолордун айынан каза тапкандардын саны 700 го жетти.

Бороон-чапкындын себебинен Зимбабведе 259, Малавиде болсо 56 киши каза тапты.

Изилдөө жана куткаруу иштери уланып жатканда оң миңдеген кишиге безгек жана холера анализи коюлду.

Мозамбик, Зимбабве жана Малавиде өткөн аптада болгон Идаи бороон-чапкыны жана селдерден жарымы балдардан турган 1,7 миллион киши жабыркаган.

Мозамбикте бороон-чапкын жана селдин себебинен каза болгондордун эскерилиши үчүн 3 күн улуттук аза күтүү жарыялады.

Кытайдын чыгышындагы Цянсу аймагында химия заводунда чыккан жарылууда 44 киши каза болуп, 640 киши да жараланды.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда айыл – чарба дарыларын өндүргөн химия заводунда чыккан жарылууга заводдо чыккан жана жайылган өрт себеп болду.

2 километрге жакын аянтка жайылган, ичинде 3 башталгыч мектеп жана бир балдар бакчасы болгон химия заводунун жакынындагы отурукташуу аймагы бошотулду.

Өрттөн улам аймакта 176 өрт өчүргүч унаасы жана миңге жакын кызматкер иштеп жатат.

Иракта паром чөктү.

Ирактын Мусул шаарында Тигр дарыясы менен кеткен паромдун чөгүшү менен 40 киши каза болду.

Ирак оорукана булактары каза болгондордун арасында балдар менен аялдардын да бар экендигин белгилешти. Кырсыкта каза болгондордун арасында туристтердин да бар экендиги билдирилди.

Паромдо ашыкча жүргүнчүнүн болгондугу жана кырсыктын ушул себептен болгондугу айтылууда. Паромдо эң аз 200 кишинин бар экендиги да аныкталды.

Количество просмотров: 18