• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Соода борборлордо Акыйкатчы институтунун кызматкерлери акысыз кеп-кеңештерди берүүдө

7 Бештин айы 2023 20:48 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги соода борборлорунда Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери кыргызстандыктарга акысыз укуктук кеп-кеңештерди берип жатышат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Иш-чара «Зомбулукка каршы 16 күн” аталыштагы эл аралык акциянын алкагында өтүүдө.

Институттун кызматкерлери 6-декабрда “Бишкекпарк” соода борборуна келгендерге акысыз кеңештерди беришти.

Бүгүн, 7-декабрда «АЮ гранд» борборуна келгендерге ушундай эле акысыз консультациялар берилүүдө.

Эртең, 8-декабрда институттун кызматкерлери «ГУМ» соода борборунда кеп-кеңештерди беришмекчи.

Акысыз консультация берүү боюнча үч күндүк марафондун алкагында соода борборлору институттун кызматкерлерин маалыматтык стенд жана орундар менен камсыз кылышты.

Келгендер кызматкерлерге төмөнкү маселелер менен кайрылышууда:

  • КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту деген эмне жана институт өзүнүн мандатынын алкагында кандай иштерди алып барат?
  • Жерди пайдалануу боюнча кандай жол менен кимге жана кайсы мамлекеттик органдарга кайрылышса болот?
  • Эгерде баланын апасы экинчи ирет турмушка чыккан болсо, жашы жете элек баланы чоң ата жана чоң энесинин камкордугуна тез арада алууну кантип документтештирүү керек?
  • Документтерди СССР убагында гана алып өзүнүн жеке инсандыгын тастыктоочу документти жок адам кантип документ алса болот? Ал адам өмүр бою жайлоодо мал карап келген.
  • Эгерде жер салыгын төлөбөсө жер участогун кайра кайтарып алуулары мүмкүнбү?
  • 115 шыр байланышына чалуу акысызбы? 115 шыр байланышы деген эмне?
  • Жарандык никеде туруп ажырашкандан кийин кантип алимент алса болот?
Количество просмотров: 93