• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Соодагерлерди нааразы кылган ККМ. Жапаров жумушчу комиссия түздү

2 Бештин айы 2023 12:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, комиссиянын жыйынтыгы менен министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот.

«Белгилүү болгондой, буга чейин Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт» деген. Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар «бутуна туруп кетсин» деген саясат болчу. Азыр эми «Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген» соодагерлердин соодасы 50дон 100 миллионго чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат. Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз», — деп жазды ал.

Эске салсак, 1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышкан. 29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери акция өткөргөн.

Ошондой эле  “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери да нааразылык акция өткөрүп, “Мадина” базарында иштеген ишкерлер иш таштаган.

Количество просмотров: 177