• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбаева: Укугубузду билебиз деп аша чаап, тескерисинче тебелеп алабыз

11 Бештин айы 2021 12:18 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Чолпон Сооронбаева.

Ал Каракол шаарынан келген, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучусу болуп эмгектенет.

«Азыркы мобилдик жашоодо билимсиз биз эч жакка бара албайбыз, муну турмуш өзү айгинеледи. Мен өзгөчө басымды билим берүү тармагына коюп келем. Андан тышкары, мен өзүм КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө жардамчы болуп да эмгектенем. Биз баарыбыз өзүбүздүн укукту билгендей болобуз, «билебиз» деп кыйкырабыз. Бирок, ошол эле учурда укук менен милдетти да билбейбиз. Көпчүлүк учурда укугубузду билебиз деп аша чаап, тескерисинче тебелеп алабыз. Мына мен ушул тармагында студенттерге билим бергим келет», — дейт ал.

Количество просмотров: 157