Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.
Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын «Газпром» коомдук акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик
аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы мунайгаз тармагындагы кол коюлган келишимдер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга көмөк болооруна ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Алексей Миллер «Газпромдун» алдына коюлган бардык макулдашуулар жана милдеттер өз мөөнөтүндө жана толугу менен ишке ашырылат деп ишендирди.
Ошондой эле Кыргызстандын мунайгаз тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.