Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Шевченко инстаграм баракчасына жарыялады.
Мушкердин айтымында, өлкө башчысы ага беттештен кийин телефон чалган.
«Жылуу куттуктоо үчүн чоң рахмат, урматтуу президент. Биз сөзсүз Ысык-Көлгө барабыз», — деди Шевченко.
Эске салсак, Шевченко кечээ, 9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринде америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук курун үчүнчү сактап калды.