• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков Ташкентке барат

25 Жетинин айы 2019 17:50 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 29-ноябрында Ташкент шаарында өтүүчү (Өзбекстан) Орто Азия мамлекет башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусуна катышат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы  Данияр Сыдыков бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарындагы маалымат жыйынында.

Ал алдыда өтүүчү жолугушууга Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын Президенттери жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев катышаарын белгиледи.

«Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген. Иш-чаранын соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Мындан тышкары, Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Эске салсак, Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн.

Количество просмотров: 81