• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков Жогорку сотко барды

13 Жалган куран 2020 19:05 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-мартта өлкөнүн Жогорку сотуна барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун (МИБ) ишмердүүлүгү менен таанышып, Жогорку соттун судьялары менен жолугушту. Жолугушууга онлайн видеоконференция-байланыш аркылуу жергиликтүү соттордун судьялары да катышты.

Президент сот системасын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, бул коррупция менен күрөшүүдө жана адам факторун азайтууда негизги курал болуп саналарын айтты.

«Биз жарандардын, мамлекеттин тагдырларына түздөн-түз таасир этүүчү бийликтин бир бутагы болгон сот системасына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Сот системасына талаптар жогору болот. Силер санарип трансформациянын авангардында болуп, мамлекеттик бийликтин башка органдарына үлгү болушуңар керек», — деди президент.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева сот тутумун санариптештирүү процесси жөнүндө маалымат берди. Өлкөнүн жергиликтүү сотторунда бардык инстанциядагы соттордун ишинде жумуш процесстерине багытталган соттун автоматташтырылган маалыматтык тутуму орнотулуп, иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө биринчи инстанциядагы 64 сот жана экинчи инстанциядагы 2 пилоттук сот туташтырылган.

Мындан сырткары Калиева сот чечимдерин чыгарууда коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн сот жыйындар залында орнотулган аудио-видео фиксация системасынын иши жөнүндө айтып берди.

«Соттун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри менен интеграциялоо, башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматына толук өтүү, сот жыйындар залдарына аудио-видео фиксация тутумун орнотууну жыйынтыктоо, сот тажрыйбаларына талдоолорду күчөтүү бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери», — деп баса белгиледи.

Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун негизги максаты — сот бийлигинин маалыматтык тутумун башка мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен коопсуз байланыштырууну уюштуруу, аларды «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри, Мамлекеттик каттоо кызматынын базасы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен интеграциялоо болуп саналаары белгиленди.

Бүгүнкү күндө Жогорку соттун архивинде 1960-жылдардан бери сакталган соттук материалдарды санариптештирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 1802