• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кеткенден кийинки видеосу тарады

30 Тогуздун айы 2020 17:08 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кеткенден кийинки видеосу жарыяланды.

Маалыматка караганда, аталган видео бүгүн, 30-октябрда тартылган. Видео материалдан Жээнбеков борбор калаадагы мечиттердин биринен чыгып келе жатканын көрүүгө болот. Жанында бир нече жан сакчылар коштоп жүрөт.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков акыркы эки апта ичинде биринчи жолу эл алдына чыкты. Жээнбеков 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында отставкага кеткенин жарыялагандан кийин жума намазга барган эле.

Количество просмотров: 10922